Саламдар, кандайсыздар? Узун сүйүүмдү кыска жаза кетейин.

Мындан туура төрт жыл мурун жолдошумдун макулдугу менен жумушка кирдим. Аппаратураларды, жумушту түшүндүрөт деп мени өзүм менен тең балага шерик кылып кошуп койду. Бүткүл оюм жумушта жаңы ачылыштар, жаңы окуялар менен алаксып. Баягы бала экөөбүз катарынан эки компьютерде олтуруп жазып жатканбыз.

Бир убакта жай музыка коюп бир эки куплет ырды көркөм окуй койду. Мен да ыр жазам, даяр ырдан жооп кылып дароо эки куплет окудум. Үндөрүбүз төп келишип, жүрөктүн бир жери зырпылдап кетти.

Бул эмнеси…?

Үйгө келсем колум оокатта, оюм тигинин ыргактарында. Түшүм болсо анын ыр саптарында. Эртеси шашылыш жумушка жөнөдүм. Жанаша олтуруп иштей баштадык. Улам көзүм мага баш бербей тигиге бурулат.

 Чымыр денеси, колундагы бирин серин түктөрү, жамшыйган жылдыздуу көзү, ууз сүт эмген баладай бөлтөйгөн эриндери , тим эле бал толтуруп куйгандай.

Адатынча дагы ыр окуду, мен жооп кылдым. Ырыбыз сүйүүгө айланды. Ватсаптан куплет ырлар менен сүйлөшө баштадык.

Эч ким жокто аны элестетип элжиреп алам. Эх Жамилядай эрк таап Даниярымды колдон кармап кетким келет.

Дене кумарын эле эмес, жүрөктүн кылдарын черткен менин сүйүүм ушул өңдүү. Ырлар менен чектелебиз, кечиктим неге өзүңдөн, булбулга карга өнөкпү, көз жашым төктүм, сендейди көрбөйм , жаныңда калды жүрөгүм , деген ырларды жазып жиберди.

Турмуш көрүп калганым үчүн өткөөл сүйүү деп аны жоошутчумун. Ошентип бир ай иштегенден кийин борборго кетти.

Үйлөндү , арадан төрт жыл өттү. Сүйүүбүз өчпөс өңдү, күндөн күнгө эңсөө бийлеп сагынуум артып барат.

Ортобузда төшөк жөнүндө бир сөз болбосо да аны каалап , кыялдарга чөмүлөм. Бирок жолдошума кыянат кылууга даай албайм. Ушул сайтка жазып жеңилдеп, сагынычымды бөксөрткүм келди.